Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-ноябрь, 2020 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:23

Чуу чыккан обсервацияда абал тынчыды


«Манастын» жанындагы обсервация. 18-май, 2020-жыл.

«Манас» аэропортунун жанындагы обсервацияда абал тынчыды. Бул тууралуу «Азаттыкка» саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, нааразылык билдирип чыккандар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү, обсервация штаттык режимде иштеп жатат. План боюнча бүгүн чыгарыла тургандардын милдет-укуктары түшүндүрүлүп, чыгарыла баштады.

Үсөнбаевдин айтымында, бүгүн чыккандардан кийин ал жерде 19 адам калат.

«Бүгүн чыга турган күнү болчу, - деди ал. - Ирет-ирети, тартиби менен чыгарылып жатат. Документ түзүлөт, чөнтөк телефонуна тиркеме жүктөлөт, колуна маалымкат берилет. «Барганда да карантинде отурасыңар» деп шартын түшүндүрдүк. Азыр абал туруктуу».

17-майда алар обсервациядан чыгарууну талап кылып, чуу чыгарган видеосу Интернетке тараган.

Үсөнбаев окуя учурунда "Тез жардамдын" айдоочусунун тышкы коргоочу кийиминин "бир-эки жери айрылганын" кошумчалады.

Өкмөттүн маалыматына караганда, 18-марттан бери сырттан келгендердин арасынан 351 адамдан COVID-19 табылды. Алардын 101и Орусиянын Соль-Илецк шаарынан кайтып, «Манас» аэропортунун жанындагы обсервацияда жаткандар.

18-майга карата Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус 78 адамдын табылса, алардын 43ү Соль-Илецк шаарынан келгендер экени расмий айтылды.

10-майда 71 адамдын 55и да ушул эле шаардан келген мигранттар болчу.

Саламаттык сактоо министрлиги мигранттарды «Манас» аэропортундагы обсервацияга жаткырган. 18-майда министрдин орун басары Нурболот Үсөнбаев алар автобус менен жол жүрүп келгендиктен коронавирустун жугуу коркунучу жогору болгонун, андыктан обсервацияда кармалып, анализдер тыкыр текшерилип жатканын айткан. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (6)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG