Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:18

Башкы прокурор: мамлекет модернизациядан 111 млн. доллар чыгым тартты


Бишкек Жылуулук электр борбору.
Бишкек Жылуулук электр борбору.

Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодон мамлекетке келтирилген материалдык чыгымдын жалпы суммасы 111 миллион 252 миң долларды түздү. Бул тууралуу башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов 18-майда парламенттин Укук тартиби, кылмыштуулук жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча комитетинде былтыр аткарылган иштер тууралуу отчёт берип жатып билдирди.

Жыйында «Бир Бол» фракциясынын депутаты Бакирдин Субанбеков башкы прокурорду келтирилген зыяндын кайтарылышына көңүл бурууга чакырды.

Жамшитов ЖЭБ боюнча айыпталгандардын ичинен мурдагы энергетика министри жана экс-депутат Осмонбек Артыкбаев гана зыяндын ордун толтуруу максатында өз ыктыяры менен мамлекетке 100 миллион сом төлөп бергенин, азыр активдерди кайтаруу боюнча иштер уланып жатканын айтты.

2018-жылы 26-январда катуу суукта ЖЭБ бузулуп, Бишкек бир нече күн бою жылуулуксуз, бир топ жери жарыксыз калган. Ошондон кийин ишкананы оңдоого Кытай берген 386 миллион доллар насыяны пайдаланууда алешемдиктер болгону ачыкка чыккан.​

Ишканадагы авария жана модернизацияга байланыштуу ошол кездеги бир катар кызмат адамдары түрмөдө отурат. (NT)

XS
SM
MD
LG