Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:13

Дүйнөлүк саламаттык сактоо ассамблеясы жыйынга чогулду


Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун эмблемасы.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун эмблемасы.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо ассамблеясы коронавирус пандемиясы башталгандан бери биринчи жолу 18-майда эки күндүк виртуалдык жыйынга чогулду. 194 мамлекеттин чабармандары катышкан бул жыйында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) пандемияга байланыштуу чечимдерин иликтөө тууралуу чакырыктарга көңүл бурулганы жатат.

Мындай чакырыктарды Европа Биримдиги да колдогон. Андан тышкары Австралиянын өтүнүчү менен коронавирус кайдан чыкканын изилдөө демилгеси да көтөрүлүшү мүмкүн.

АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы COVID-19 пандемиясынын дүйнөгө жайылышы кетиши үчүн Бээжинди күнөөлөп келет. Мындан тышкары президент Трамп Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмун пандемияны жөнгө салууда "чабалдыгын көргөздү» деп айыптап, уюмдун жетекчилигин «​Кытайга жан тартты» деп сынга алган.

Уюм жана расмий Бээжин дооматтарды четке кагып келе жатат. 18-майда Кытайдын Тышкы иштер министрлиги пандемия аяктай элек экенин, андыктан иликтөө жүргүзүүгө али эрте экенин билдирди.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо ассамблеясы - ДССУнун чечим кабыл алуучу органы. Анын жыйынына уюмга кирген мамлекеттердин делегаттары катышат.

XS
SM
MD
LG