Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:07

Жамшитов: былтыр үч прокурор декретке чыкты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Былтыр прокуратуранын үч эркек кызматкери бала багыш үчүн декреттик өргүү алды. Бул тууралуу башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов 18-майда парламенттин тармактык комитетинде отчёт берген учурда депутат Урматбек Самаевдин суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Депутат прокуратура органдарында иштеген эркектердин арасында декреттик өргүү укугун колдонгондор эмнеге көп экенине кызыкты.

Башкы прокурор «мыйзам боюнча прокуратура бала багыш үчүн өргүүгө чыккандарга тоскоол боло албайт» деген жооп кайтарды.

Ал мындан тышкары суроолорго жооп бергенде жаш кадрлар прокуратурада бир жылдай иштегенден кийин кетип калган учурлар бар экенин, айрым райондордо кызматкерлер жетишпей жатканын айтты. Муну айлык акынын аздыгы жана башка себептер менен түшүндүрдү.

«​Жаштар бир жылдан кийин кетип калган көп факты бар. Кызматкерлерди район жана облустардан которуп, алмаштыра албайбыз. Анткени ал жакта да кадрлар жетишпейт. Быйылкы жылдын аягында сынак өткөрүп, жаңы кызматкерлерди алабыз».

Кыргызстанда мыйзам аялдардын да, эркектердин да декреттик өргүү алышына жол берет. Бирок бул укукту эркек кызматкерлер көп колдонушпайт. Көбүнчө прокуратурада иштегендер бала багам деп декреттик эс алууга кете турганы 2016-жылы ачыкка чыккан. Прокурорлор бул мыйзамды жумуш ордун сактап калыш үчүн колдонушат деген сын-пикирлер айтылган. (NT)

XS
SM
MD
LG