Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:31

Италия карантинди жумшартты


Италиянын борбору Рим шаары.
Италиянын борбору Рим шаары.

Март айында коронавирус пандемиясынын Европадагы чордонуна айланган Италияда 18-майдан тартып дүкөндөр, ресторан жана барлар ачылды. Өкмөттүн чечимине ылайык, эми жарандарга өзү жашаган аймакта кайда баратканын түшүндүрүп берүүнүн кажети болбойт. Ошондой эле адамдарга достору жана үй-бүлөнүн башка мүчөлөрү менен жолугууга да уруксат берилди. Бирок аймактар арасындагы жана эл аралык каттамдарга киргизилген чектөө июнь айынан башында гана алынмакчы.

«Биз тобокелге салып жатабыз. Аны кабыл алышыбыз керек. Антпесек эч качан турмуш-тиричилик калыбына келбейт. Биз вакцина табылып, анын таратылышын күтүп отура албайбыз. Күтсөк, социалдык-экономикалык тармак катуу кыйрайт», - деп билдирген 16-майда Италиянын премьер-министри Жузеппе Конте.

Италияда соңку бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен 145 адам кайтыш болду. Бул 9-марттан берки эң төмөнкү сан. Эпидемия башталгандан бери Италияда 31 908 адам коронавирустан каза болду. Өпкөнү сезгенткен бул илдетти жугузуп алгандардын саны 225 миңден ашты.

XS
SM
MD
LG