Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:17

Генералдык штаб Кытайдан 22 млн. сомдук жардам алды


Кытайдан келген жардам.
Кытайдан келген жардам.

COVID-19 пандемиясы менен күрөшүүгө жардам иретинде Кытайдын Коргоо министрлиги Кыргызстандын Куралдуу күчтөрдүн Генералдык штабына 22 млн. сомдук медициналык жардам берди. Бул тууралуу Генералдык штаб билдирди.

Гуманитардык жардамда коронавирустан коргоочу каражаттардын 13 түрү бар. Жүк Кытайдан атайын учак менен жеткирилди.

Гуманитардык жардамды тапшыруу учурунда Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысы Райымберди Дүйшөнбиев Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнге ыраазычылык билдирип, бул жардам эки мамлекеттин ортосундагы аскердик кызматташтык үчүн маанилүү экенин белгиледи. (TSh)

XS
SM
MD
LG