Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:57

Бир суткада коронавирус 27 адамдан табылды, 71 бейтап айыгып чыкты (видео)


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус жуккан 27 адам жаңы катталды. Бул тууралуу 19-майда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Алардын 11и Нарын облусунда, алтоо Ош облусунда, дагы алтоо Бишкек шаарында.

Үчөө Орусиянын Соль-Илецк, бирөө ​Санкт-Петербург шаарынын кайтып келгендер.

Бир сутка ичинде 71 бейтап айыгып чыкты.

Жалпысынан 19-майга карата Кыргызстанда коронавирус 1243 адамдан табылды, алардын ичинен 14 бейтап кайтыш болду, 898 бейтап сакайып кетти.

Коронавирус коркунучуна байланыштуу Кыргызстандын айрым аймактарында өзгөчө абал режими жарыяланып, коменданттык саат киргизилген. Бул эреже 11-майдан тартып токтоду, бирок өзгөчө кырдаал режими уланууда. (RK)

XS
SM
MD
LG