Бишкектин четиндеги «Семетей» обсерватору чет жактан келе турган кыргыз жарандарынын кезектеги тобун кабыл алууга даярдалып жатат. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, алар коронавирусту жайылтпоо максатында дароо медициналык байкоого алынат жана ар бири республикалык деңгээлде кабыл алынган эрежелерге баш ийиши керек болот.
Министрдин орун басары Нурболот Үсөнбаев 19-майда онлайн брифингде талаптардын баары бирдей экени эскертти:
«Кийинки келген жарандарыбыз боюнча да бекитилген алгоритм менен иш жүргүзүлөт. Жанагыдай «чыр-чатак, ызы-чуу баштап койсок боло берет» деген туура эмес. Талаптардын баары бирдей болот. Азыр ошол обсерватор бошотулуп, дезинфекция иштери жасалууда».
Буга чейин «Семетейде» Орусиянын Соль-Илецк шаарынан автобус менен 7-майда ташылып келген 541 эмгек мигранты кармалып турган. 19-майга чейин алардын 104үнөн коронавирус табылды. Калгандарынын 19у калтырылып, анализи эки жолку текшерүүдөн кийин тазаларынын баары үй карантинине чыгарылып жатканы белгилүү болду.
17-майда «Семетейде» кармалып жаткандар чуу чыгарган видео Интернетте тараган болчу. Саламаттык сактоо министрлиги окуя учурунда ошол жердеги «Тез жардам» автоунаасынын айдоочусунун кийими айрылганын билдирген.
Нааразылыкка чыккандар алар негизсиз кармалып жатканын айтып, коё берүүнү талап кылышкан.
Жалпысынан 19-майга карата Кыргызстанда коронавирус 1243 адамдан табылды, алардын ичинен 14 бейтап кайтыш болду, 898 бейтап айыгып кетти.
12-майда ТИМ дүйнөнүн 58 өлкөсүндө 8712 кыргызстандык жаран кыргыз өкмөтүнөн мекенине кайтууга жардам күтүп жатканын билдирген.
20-майда Орусиянын Оренбург шаарынан чартердик каттам уюштурулганы жатат. (RK)