Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:28

Трамп Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна шарт койду


АКШнын президенти Дональд Трамп.
АКШнын президенти Дональд Трамп.

АКШнын президенти Дональд Трамп Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна (ДССУ) шарт койду. Ал эгер уюм 30 күндүн ичинде ишин жакшыртууга дилгирлигин көрсөтпөсө, анда Кошмо Штаттар уюмга бөлүп келген акчаны биротоло токтоторун эскертти. Трамп 18-майда Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башчысы Тедрос Аданом Гебрейсуска жиберген катында АКШ уюмдагы мүчөлүгүн кайра карап чыгышы мүмкүн экенин да белгиледи. Ошондой эле ДССУну «былтыр декабрь айында Кытайдын Ухань аймагынан вирус тарап жатканы тууралуу маалыматтарды көз жаздымда калтырган» деп айыптап, уюм Бээжинден өз алдынчалыгын көрсөтүшү керек экенин кошумчалады.

Кошмо Штаттардын өзүндө коронавирус каршы көрүлгөн чараларга байланыштуу сынга кабылган Трамп мунун алдында Бириккен Улуттар Уюмуна караштуу бул уюмду «Кытайдын куурчагы» деп атаган. Ал ошондой эле Кытайдын бийлиги эпидемиянын масштабын жаап-жашырганын айтып келет.

Өткөн айда президент Трамп ДССУнун эпидемияга каршы чараларына баа берилгенге чейин АКШ уюмга бөлүп келген каражатты убактылуу токтоторун жарыялаган.

ДССУ айыптарды четке какса, Бээжин эпидемия тууралуу ачык-айкын маалымат берип келе жатканын билдирүүдө. 18-майда ДССУнун чечим кабыл алуучу органы болгон Дүйнөлүк саламаттык сактоо ассамблеясы уюмдун пандемияга каршы аракеттерин өз алдынча иликтөөгө убада берди. Кытайдын президенти Си Циньпиң коронавирус пандемиясы жөнгө салынгандан кийин гана илдеттин очогуна байланыштуу иликтөөлөрдү колдой турганын айтты.

XS
SM
MD
LG