Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-декабрь, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 13:18

Боронов: COVID-19 жүк ташыган айдоочулардан көп чыга баштады


Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда сырттан жүк ташып келип иштеген айдоочулардын арасынан коронавирус көп чыга баштады. Бул тууралуу 19-майда биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Ошондуктан бул багытта иш күчөтүлмөй болуп, ар бир сырттан кирген айдоочудан сөзсүз ПЦР анализ алынмай болду.

Боронов бүгүнкү күндө сырттан жүк ташып келген 32 айдоочудан коронавирус табылганын айтты:

«Статистиканы карасак, 32 айдоочунун көбү соңку күндөрү эле аныкталды. Чек арадан өтүп келген жүк ташуучу ар бир айдоочудан сөзсүз ПЧР анализ алып, алты саатка чейин чек арада кармоо иштери жүрүп жатат. Бул аргасыз чара болууда».

Расмий маалыматка караганда, 19-марттан бери бир ай ичинде Кыргызстанга сырттан 17 миң 432 жүк ташуучу автоунаа кирген.

Жалпысынан 19-майга карата Кыргызстанда коронавирус 1243 адамдан табылды, алардын ичинен 14 бейтап кайтыш болду, 898 бейтап айыгып кетти. (RK)

XS
SM
MD
LG