Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-ноябрь, 2020 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:54

Депутат «КТ Мобайл» боюнча Башкы прокуратуранын бүтүмүн сурады


«Кыргызтелеком» ишканасы.

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитети 19-майдагы жыйынында башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун отчётун угуп жатат. Жыйында депутат Курманкул Зулушев «КТ Мобайл» боюнча Башкы прокуратуранын аракетине кызыкты.

Былтыр «КТ Мобайл» боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия Башкы прокуратурага «Семь Мобайл» жоопкерчилиги чектелген коомунун «Нур Телеком» компаниясына 15 мегагерцти эки миллион долларга сатып жибергенин иликтөө тууралуу тапшырма бергенин эске салды.

«Мамлекеттик байланыш агенттигинин балансындагы жыштыктан 896 миллион сом түшүшү керек болчу. «Маселеге байланыштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финполиция) кылмыш ишин козгогон, бирок бул иш кыскарып кеткен» деген маалымат алдым. Бул иш кантип кыскарып калды?», - деп суроо берди.

Ал башкы прокурордун отчётунда депутаттык комиссиянын тапшырмасына жооп жок экенин айтып, Финполициянын иши боюнча Башкы прокуратуранын чечимин сурады.

«КТ Мобайл» 2003-жылы «Кыргызтелеком» ишканасынын базасында түзүлгөн. Жыштыкка ээлик кылганы менен иш жүзүндө 16 жыл иштеген эмес. Былтыр май айында анын ишиндеги алешемдиктер ачыкка чыгып, депутаттык комиссия түзүүгө чейин жеткен.

Быйыл августта «КТ Мобайл» «Салам» деген соода бренди менен ишке киришип, SIM-карталарды сатыкка чыгарган. (NT)

XS
SM
MD
LG