Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:11

Халилзад «Талибан» жана ооган өкмөтүнүн өкүлдөрү менен жолугат


АКШнын Ооганстан боюнча чабарманы Залмай Халилзад.
АКШнын Ооганстан боюнча чабарманы Залмай Халилзад.

АКШнын Ооганстан боюнча чабарманы Залмай Халилзад ооган өкмөтүнүн жана «Талибан» кыймылынын өкүлдөрү менен жолугуп, тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн чоо-жайын талкуулайт. Бул тууралуу Кошмо Штаттардын Мамлекеттик департаменти 18-майда билдирди.

Маалыматка ылайык, Халилзад Катардын баш калаасы Дохада талибдердин өкүлдөрү менен кездешип, 29-февралда АКШ менен кол коюлган тынчтык келишимин ишке ашыруу жолдорун сүйлөшөт. Ошондой эле жолугушууда оогандардын ички диалогун баштоо жана чабуулдарды токтотуу тууралуу да сөз болот. Аны улай Халилзад ооган өкмөтүнүн өкүлдөрү менен Кабулда сүйлөшүү жүргүзөт. Мамлекеттик департамент АКШнын чабарманы 17-майда Доха менен Кабулга жөнөп кеткенин кабарлаганы менен жолугушуулар качан болоорун так билдирген жок.

Кошмо Штаттар менен талибдердин өкүлдөрү февраль айынын аягында кол койгон тынчтык келишимине ылайык, ооган өкмөтү менен «Талибан» кыймылы туткун алмашып, андан соң өлкөдөгү 18 жылдан ашкан согушту токтотууну көздөгөн тынчтык сүйлөшүүлөрүн башташы керек эле.

Бирок талибдер менен ооган өкмөтү тил табышпай, ортодогу баштапкы сүйлөшүүлөр үзгүлтүккө учураган. Андан бери «Талибан» ооган күчтөрүн бутага алган чабуулдарын күчөткөндүктөн өткөн аптада Ооганстандын президенти Ашраф Гани армияга талибдер баштаган куралдуу топторго чабуул коюу тууралуу буйрук берген.

XS
SM
MD
LG