Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:31

Зордуктоо боюнча 100 кылмыш иши гана сотко жетти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Былтыр зордуктоо боюнча Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине 767 кылмыш иши катталды. Анын 100ү гана сотко жетти. Бул тууралуу башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов 19-майда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитетинде 2019 - жыл ичинде аткарылган иштер жөнүндө отчёт берип жатып билдирди.

Депутат Айсулуу Мамашова зордуктоо фактылары жетиштүү иликтенбей жатканын айтып, башкы прокурорду буга көңүл бурууга чакырды.

«Караколдо 18 жаштагы кызды үч киши зордуктаган факт болгон. Сотко алардын бири гана жеткен. Экспертизанын жыйынтыгына карабай, сот «зордуктоо болгон эмес»​ деген чечим чыгарган. Шектүүлөрдү сотто актап коюшкан», - деген Мамашова мамлекетте мыйзам жабырлануучуларды коргобой жатканына нааразы болду.

Башкы прокурор депутаттын суроосуна жооп берип жатып шектүү биринчи инстанцияда акталганын, иш эми экинчи инстанцияда карала турганын маалымдады. Анын билдирүүсүндө, зордуктоо боюнча катталган 767 иштин 608и токтотулган. Учурда 59 кылмыш ишин иликтөө уланууда. (NT)

XS
SM
MD
LG