Коронавируска каршы күрөш боюнча Ысык-Көл облусунун ыкчам штабы Жети-Өгүз районунун акими - райондук ыкчам штабдын башчысы Мурат Раматов менен анын биринчи орун басары Улан Далиевдин обсервация жайын даярдоо боюнча иш-аракеттерин канааттандырарлык эмес деп тапты. Ошондой эле райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборунун башчысы Канат Жумадыловдун ишти уюштурууда кетирген каталарына баа берүүнү Саламаттык сактоо министрлигине сунуш кылды. Облустун Жети-Өгүз районунун тургундарынын нааразылык акциясынан кийин 19-майда өткөн жыйынында ушундай чечим кабыл алынганын облустук штабдын басма сөз кызматы кабарлады.
18-майда Жети-Өгүз айылынын тургундары айылдагы төрөт үйүн медициналык көчмө топтун дарыгерлери үчүн обсервация кылуу тууралуу райондук бийликтин чечимине каршы акцияга чыгышкан. Нааразылыкка чыккандардын бийликке койгон дооматтары тартылган тасма социалдык тармактарга тараган.
Облустук бийликтин маалыматына караганда, иш жүзүндө аталган төрөт үйү обсервация жайы катары аныкталган жайлардын тизмесине кирген эмес. Мындай чаташуу райондук бийликтин жана райондук дарыгерлер борборунун башчысынын ишти уюштуруудагы алешемдигинен келип чыккан.
Буга чейин Саламаттык сактоо министрлигинин алгоритмине ылайык облустук штаб медициналык көчмө топтун дарыгерлерин 14 күндүк милдеттүү обсервацияга кезектештирип жаткырыш үчүн сегиз жайдын тизмесин түзгөн. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлүнүн басма сөз катчысы Жаныбек Кожоев билдирди. (KS)