Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) Ооганстанда куралдуу чабуулдардан мерт болгон адамдар көбөйгөнүн билдирип, бардык тараптарды зордук-зомбулукту токтотууга чакырды. Уюмдун Ооганстандагы миссиясы мындай мазмундагы билдирүүсүн 19-майда таратты. Анда Ооганстанда адам өлүмүнүн көбөйүшүнө «Талибан» кыймылынын чабуулдары да, ооган күчтөрүнүн операциялары да себеп болуп жатканы белгиленген. Маалыматка ылайык, өткөн айда талибдердин чабуулдарынан 208 жайкын тургун, ооган күчтөрүнүн операцияларынан 172 катардагы адам каза тапкан.
Ошондой эле БУУнун миссиясы Ооганстанда «Ислам мамлекети» экстремисттик уюмунун ырайымсыз чабуулдары күчөгөнүнө тынчсыздануусун билдирген. 12-майда Кабулдун шииттер байырлаган бөлүгүндө «Чек арасыз дарыгерлер» кайрымдуулук уюмуна караштуу төрөт үйүнө куралдуу үч киши кол салган. Андан 24 киши, арасында эки ымыркай мерт болгон. «Талибан» кыймылы бул чабуулга тиешеси жок экенин билдиргени менен эч кайсы куралдуу топ кол салуу үчүн жоопкерчилик алган жок. АКШ өткөн аптадагы эки кандуу чабуул үчүн «Ислам мамлекети» экстремисттик уюмун күнөөлөгөн.
БУУнун соңку билдирүүсү АКШнын Ооганстан боюнча чабарманы Залмай Халилзад ооган өкмөтүнүн жана «Талибан» кыймылынын өкүлдөрү менен жолугары кабарланган учурга туура келди. Кошмо Штаттардын Мамлекеттик департаменти 18-майда билдиргендей, Халилзад Катардын баш калаасы Дохада талибдердин өкүлдөрү менен кездешип, 29-февралда АКШ менен кол коюлган тынчтык келишимин ишке ашыруунун жолдорун сүйлөшөт. Аны улай Халилзад ооган өкмөтүнүн өкүлдөрү менен Кабулда сүйлөшүү жүргүзөт. Мамлекеттик департамент АКШнын чабарманы 17-майда Доха менен Кабулга жөнөп кеткенин кабарлаганы менен жолугушуулар качан болорун так билдирген жок.