Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-ноябрь, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 01:01

Кыргызстанда бузулган жасалма дем алдыруучу аппараттын 77син оңдоого болбойт


Иллюстрациялык сүрөт.

Өлкө боюнча саламаттык сактоо системасында 649 жасалма дем алдыруучу аппарат бар. Алардын 479у иштейт. Бул тууралууу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов 19-майдагы басма сөз жыйынында билдирди. Бороновдун айтымында, 134 аппаратты оңдосо болору аныкталган. Анын ичинен учурда 41 аппарат оңдолуп, ишке берилди. Ал эми 77 аппараттын эскилиги жетип, жарактан чыккан.

«Учурда аппараттарды оңдоого тапшырма берилди. 93 аппарат учурда оңдолуп жатат», - деди Боронов.

Бул аппараттардын сырткары сегиз аппарат гуманитардык жардам катары келди. Ошондой эле 25 көчмө аппаратты эл аралык донорлордун каражатынын эсебинен сатып алуу пландалып жатат.

Коронавирус илдетинен адамдын өпкөсү жабыркайт. Бейтаптын абалы оорлошуп кеткен учурда жасалма дем алдыруучу аппаратка кошулат. Кыргызстанда 19-майга карата 1243 адамдан коронавирус илдети табылган. Анын 331и ооруканада, бешөө реанимацияда жатат. 14 адам каза болгон. (TSh)

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG