Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:16

Казакстандык белгилүү укук коргоочунун машинеси өрттөндү


Айман Умарованын өрттөнүп жаткан автоунаасы. 18-май, 2020-жыл.
Айман Умарованын өрттөнүп жаткан автоунаасы. 18-май, 2020-жыл.

Казакстандык белгилүү укук коргоочу Айман Умарова автоунаасы өрттөнүп кеткенин кесиптик ишмердиги менен байланыштырды. Ал кимдир-бирөөлөр ага залал келтирүүнү көздөгөнүн «Азаттыктын» казак кызматына билдирди.

Анын айтымында, окуя 18-май күнү кечинде Алматыдагы Ал-Фараби проспектисинде болгон. Укук коргоочу автоунаасын айдап баратканда тормозу иштебей калган.

Укук коргоочу Айман Умарова.
Укук коргоочу Айман Умарова.

«Муну кесибим менен байланыштырам. Акырын келе жатып, тормозду бассам, иштебей калды. Кабатырлана баштадым. Бурулуп чыгайынбы же секирип кетейинби деп ойлоп жатканда автоунаа токтоду. Араң токтоткон кезде автоунаа өрттөнө баштады. Машиненин жарымы күйүп кетти», - деди ал.

Укук коргоочу кимдир-бирөөлөр үйүнүн дарбазасына мышыктын өлүгүн илип кетишкенин да кошумчалады.

Айман Умарова Кытайдагы «тарбия лагерлери» тууралуу маалыматты ачыкка чыгарган Сайрагүл Сауытбайдын адвокаты болгон. Ошондой эле жыныстык зомбулукка кабылгандардын жана «Азаттыктын» казак кызматынын чабуулга туш болгон кабарчыларынын укугун коргогон. Ал 2018-жылы АКШнын Мамлекеттик департаментинин «Каарман аял» сыйлыгына ээ болгон.

XS
SM
MD
LG