Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:24

Тажикстанда бир күндө 207 адамдан коронавирус табылды


Кожент шаарындагы санитардык кызматкерлер. 7-май, 2020-жыл.
Кожент шаарындагы санитардык кызматкерлер. 7-май, 2020-жыл.

Тажикстандын Саламаттык сактоо министрлигинин 19-майдагы маалыматына ылайык, өлкөдө соңку бир сутка ичинде 207 адам коронавирус жугузуп алганы ырасталды. Натыйжада өпкөнү сезгенткен илдетке чалдыккандардын жалпы саны 1936 кишиге жетти.

Соңку 24 сааттын ичинде COVID-19 илдетинен кайтыш болгондор катталган жок. Бирок тажик бийлиги коронавирус бар экенин ырастагандан берки 20 күндүн ичинде 41 киши бул илдеттен кайтыш болду.

Тажикстан Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен жаңы коронавирустан өлгөндөрдүн саны боюнча биринчи орунда турат. Бирок көз каранды эмес адистер тажик бийлигинин коронавирусту жугузуп алгандар жана андан каза тапкандар тууралуу расмий маалыматына ишенбей жатышат. Социалдык тармактарга жарыяланган «элдик тизмеде» Тажикстанда кеминде 270 киши COVID-19 илдетинен кайтыш болгону белгиленген.

XS
SM
MD
LG