Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:16

Боронов быйылкы көл сезону боюнча пикирин айтты


Ысык-Көл.
Ысык-Көл.

19-майдагы онлайн брифингде вице премьер-министр Кубатбек Боронов жайында Ысык-Көл аймагындагы туристтик сезон боюнча Саламаттык сактоо министрлигинин сунуштамалары иштелип чыккандан кийин белгилүү болорун маалымдады. 

«Сезондун башталышында Саламаттык сактоо менен Маданият жана туризм министрлиги кандай шартта эс алууга болорун чогуу иштеп чыгышат», - деди Боронов.

Кыргызстанда туризм - республикалык бюджеттин жана элдин киреше булактарынын бири. Улуттук статистикалык комитеттин 2019-жылдын биринчи кварталында чыгарган маалыматына ылайык, өлкө боюнча туризм тармагында кызмат көрсөткөн 112 миң субъект катталган. Жылына өлкөгө 7 миллионго жакын турист келет. 

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалыматы боюнча быйылкы туристтик сезон 80% төмөндөйт.

Коронавирус пандемиясы маалында Бишкектеги туристтик агенттиктердин 17% жабылып калса, дагы 40% жабылуу коркунучунда турат. Ишмердүүлүгү толугу менен токтоп калган турфирмалар өкмөттөн жардам күтүп жатканын айтып чыгышкан. (TSh)

 

XS
SM
MD
LG