Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-декабрь, 2020 шаршемби, Бишкек убактысы 22:08

Нарында коронавирус 47 медицина кызматкерине жукту, алардын тогузу жаңы катталды


Иллюстрациялык сүрөт.

20-майга карата Кыргызстанда дагы тогуз медицина кызматкеринен коронавирус табылды, алардын баары Нарын облусунда. Бул тууралуу Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб кабарлады. Жыйынтыгында жалпысынан учурда Нарын облусу боюнча 47 медицина кызматкери COVID-19 илдетине чалдыкты.

Штабдын маалыматына караганда, бүгүнкү күндө анализинен вирус табылган медицина кызматкерлеринин жалпы саны 266 адамга жетти, алардын 221и айыгып чыкты (алтоо соңку суткада).

Бишкектеги №3 үй-бүлөлүк медицина борборунун дарыгерлер тобунун жетекчиси вирус жугузуп алгандан кийин кайтыш болгон.

Буга чейин Ош облусунда балдар ооруканасында, Бишкектеги бир нече бейтапканада жана Эне менен баланы коргоо борборунда, Нарындагы төрөт үйүндө иштегендерден коронавирус табылганы, алардын айрымдары убактылуу жабылганы кабарланган.

Буга чейин Нарын облустук ооруканасынын төрөт бөлүмүндө жаңы көз жарган сегиз келинден, кызматкерлеринен коронавирус табылганы айтылган.

Алгачкы жолу Нарын облустук төрөт үйүндө иштеген алты кызматкердин анализинен коронавирус табылганда Саламаттык сактоо министрлиги буга «коргонуу чаралары сакталбаганы, этибар албаган мамиле» себеп болгонун билдирген.

Мындан тышкары Нарын жергесинде 14 милиция кызматкеринин анализинен коронавирус чыккан. (RK)

XS
SM
MD
LG