Кыргызстанда COVID-19 менен бир күндө жаңы катталган 27 адамдын жетөө сырттан келген. Бул тууралуу 20-майда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Анын айтымында, бешөө Москвадан, бирөө Самарадан жана дагы бирөө Тажикстандан келген кыргыз жарандары.
Соңку суткада илдет табылган 27 адамдын көбү Нарын облусунда - 19 экенин Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб кабарлаган. Бишкекте төртөө, Ош облусунда экөө, Чүй жана Ысык-Көл облустарында бирден адам.
Жалпысынан 20-майга карата Кыргызстанда коронавирус 1270 адамдан табылды, алардын ичинен 14 бейтап кайтыш болду, 910 бейтап сакайып кетти.
Коронавирус коркунучуна байланыштуу Кыргызстандын айрым аймактарында өзгөчө абал режими жарыяланып, коменданттык саат киргизилген. Бул эреже 11-майдан тартып токтоду, бирок өзгөчө кырдаал режими уланууда. (RK)