Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:47

Бишкек: Азырынча уруксат берилбей турган жайлардын жана иш-чаралардын тизмеси жарыяланды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек карантин шартында жашап жатат, андыктан айрым жайларга жана иш-чараларга уруксат берүү маселеси азырынча чечиле элек. Бул тууралуу 20-майда борбор калаанын вице-мэри Азиз Алымкулов билдирди.

Анын айтымында, 21-майдан жана 25-майдан тартып бир катар ишкана-жайлар иштей баштайт.

Ал эми төмөнкү жайларга жана ишмердүүлүккө азырынча уруксат жок:

- Маданий, спорттук, илимий, үй-бүлөлүк жана эскерүү иш-чаралары,

- Көнүл ачуу жайлары,

- Балдар үчүн оюн-зоок жайлары жана оюн аянтчалары,

- Интернет-клубдар жана компьютердик оюн жайлары,

- Бала бакчалар.

Ошону менен катар коомдук мончолорго, сауна, бассейн, спорт залдарына да азырынча иштөөгө уруксат жок экенин өкмөт 19-майда жарыялаган болчу.

Алымкулов кошумчалагандай, бүгүнкү күндө Бишкектин кире бериштеринде 16 санитардык көзөмөл пункту иштеп жатат.

Жалпысынан 20-майга карата Кыргызстанда коронавирус 1270 адамдан табылды, алардын ичинен 14 бейтап кайтыш болду, 910 бейтап сакайып кетти.

Коронавирус коркунучуна байланыштуу Кыргызстандын айрым аймактарында өзгөчө абал режими жарыяланып, коменданттык саат киргизилген. Бул эреже 11-майдан тартып токтоду, бирок өзгөчө кырдаал режими уланууда. (RK)

XS
SM
MD
LG