Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:13

Жээнбеков: Коррупцияга аралашкандар наамына жана кызматына карабастан жазаланышы керек


Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Коррупцияга аралашкан ким болбосун, ээлеген кызматына, наамына жана мурдагы жетишкендигине карабастан тийиштүү жазасын алышы керек. Бул тууралуу 20-майда президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаевди кабыл алганда айтты.

Мамлекет башчы «мамлекеттик органдардагы коррупциялык коркунучтардын жаралышына өбөлгө боло турган көрүнүштөрдүн бардыгын толук жок кылганда гана анын азайгандыгы жана мыйзамдын үстөмдүгү тууралуу кеп кыла алабыз. Антикоррупциялык заманбап механизмдерди ишке киргизүү жана аларды дайыма колдонуу иштери токтоп калбашы керек» деп белгиледи.

Ошону менен катар Жээнбеков жемкорлукка каршы күрөштүн маанилүү багыттарынын бири - декларация толтуруу мыйзамдарынын так аткарылышы экенин айтты.

Сагынбаев бул жаатта 2020-2024-жылдарга карата мамлекеттик жаңы стратегиянын болжолдуу долбоору иштелип чыкканын айтты. Ага ылайык, бирдиктүү салык декларациясын толук текшериш үчүн негиздерди экиден сегизге чейин көбөйтүү каралууда.

Быйыл коррупцияны кабыл алуу индекси боюнча Кыргызстан 180 өлкөнүн арасынан 126-орунга жайгашты. Былтыр өлкө 132-орунда болчу.

«Transparency International» уюму Кыргызстанда экономикалык бюрократия, саясий жемкорлук, трайбализм экономикалык өнүгүүгө жолтоо болууда деп эсептейт. (RK)

XS
SM
MD
LG