Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:43

Петербургдун түрмө жетекчилиги Азимовдун арызына жооп берди


Ахрал Азимов уулдары Аброр жана Акрам менен. Сүрөт Ахрал Азимовдун «Фейсбук» баракчасынан алынган.
Ахрал Азимов уулдары Аброр жана Акрам менен. Сүрөт Ахрал Азимовдун «Фейсбук» баракчасынан алынган.

Орусиянын Федералдык жаза аткаруу кызматынын Санкт-Петербург шаарындагы башкармалыгы үч жыл мурдагы жардыруу боюнча соттолгон эки кыргызстандыктын арызына жооп кайтарды. Аталган башкармалык арызда айтылгандарды четке кагарын «РИА Новости» маалымат агенттиги жазып чыкты. Ага ылайык, Петергбургдун Жаза аткаруу башкармалыгы соттолгон адамдарга абакта шарт бар экенин, алар тамак-аш менен туруктуу камсыз болуп жатканын билдирген.

Санкт-Петербургдун метросундагы жардырууга байланыштуу айыпталып, Орусияда 28 жылга соттолгон кыргызстандыктар Акрам Азимов жана Мухамадюсуп Эрматов 18-майда абак шартына байланыштуу арызданып, Федералдык жаза аткаруу кызматын сотко берген. 28 жылга кесилген Азимовдун адвокаты «бир камерада ондой адам менен кармалып турганын, дем жетпеген кичине бөлмөдө башкалар чылым чеккендиктен Акрам аябай кыйналганын, ичүүгө таза суу беришпегенин, сот жыйындарына барарда ысык тамак бербей, кургак азык менен гана камсыз кылышканын, кышында суук автозакта ары-бери ташып, анын саламаттыгына шек келтиришкенин» билдирген.

Азимов соттон абак шартын жакшыртып, укук бузууну токтотууну жана федералдык органдан 240 миң рубль кенемте өндүрүүнү суранган. Мухамадюсуп Эрматов да ушундай эле мазмундагы арыз менен Жаза аткаруу кызматына каршы сотко кайрылган.

Санкт-Петербургдун метросунда жарылуу 2017-жылы 3-апрелде болуп, андан 15 киши каза таап, 50дөй киши жабыркаганы кабарланган. Жалпысынан теракт катары мүнөздөлгөн окуя үчүн беш кыргыз жараны, Кыргызстанда туулган дагы үч киши узак жылдарга соттолушкан. Андан тышкары эки өзбек жараны, бир тажикстандык эркинен ажыратылган. Алар суракта кыйноого кабылышканын айтып, ар бир сот отурумунда айнек камактын ары жагынан «Бизге жалган жалаа жабышты», «Күнөөлүү эмеспиз» деп жазылган кагаздарды көтөрүп турушкан.

Бул окуя боюнча соттолгон ага-ини Акбар жана Аброр Азимовдор айыпты моюнга алган баштапкы көрсөтмөлөрүн кыйноо алдында жазганын айтышкан. Акрам орус жарандыгын алып, үч баласы менен Московский шаарында жашаган. Ал 2017-жылы 15-апрелде Оштогу ооруканада дарыланып жаткан жеринен белгисиз бирөөлөр тарабынан уурдалып, Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматына өткөрүлүп берилгенин айтып келет.

XS
SM
MD
LG