Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:13

Түштүк Кореяда мектептер кайра ачылды


Тэжон шаарындагы мектеп. 20-май, 2020-жыл.
Тэжон шаарындагы мектеп. 20-май, 2020-жыл.

Түштүк Кореяда эки айдан ашык убакытка созулган карантинден кийин 20-майдан тартып мектептердин баары кайра ачылды. Бирок вирустун алдын алыш үчүн окуучулар санитардык эрежелерди так сактоого милдеттендирилди. Алар мектепте беткап тагынышы керек жана парталардын ортосундагы бир метр аралык сакталышы зарыл.

Ошондой эле окуучулар парта-стулдарын такай сүртүп турууга тийиш. Андан сырткары окуучулардын дене табы улам текшерилет. Эгер кимдир-бирөөдөн оору чыкса, ал мектеп дароо онлайн окутууга өтөт.

Түштүк Корея COVID-19 менен натыйжалуу күрөшкөн мамлекет катары мүнөздөлүп келет. Расмий Сеул социалдык обочолонуу жана элди жапырт тесттен өткөрүү аркылуу илдеттин жайылышын басаңдата алганын билдирип келаткан. Бирок май айынын башында вируска чалдыккандар кайра көбөйү түштү.

Бул өлкөдө ооругандардын жалпы саны 11 110 адам болду, илдеттен 263 киши көз жумду. Өлкөнүн саламаттык сактоо министринин орун басары Ким Каң Липтин сөзүнө караганда, соңку бир күндүн ичинде коронавирус 32 адамдан табылды.

XS
SM
MD
LG