Коронавирус жугузуп алган Айбек Тотонов аттуу жаран менен жакын байланышта болгон 26 адам үй карантинге алынды. Алардан алынган алгачкы анализдер таза чыкты. Бул туурасында «Азаттыкка» Жалал-Абад шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери Рома Ураимов билдирди. Анын айтымында Тотонов Токтогулдагы үйүнө коронавируска байланышкан карантин эрежелерин бузуп келген.
«Ал Таластагы «Чоң капка» карантиндик постунан Ош шаарына кете турганын айтып өткөн, - деди ал. - Ошко жетпей Токтогулдан түшүп калган. Анын алгачкы анализдеринин жыйынтыгы кандайча алынганын билбейбиз. 18-майда гана бизге андан коронавирус табылганы боюнча маалымат түштү. Ага чейин ал өз үйүндө жашаган квартиранттар менен байланышта болгон. Кайын журтуна барып, үй-бүлөсү жана башка адамдар менен байланышкан. Айбек Тотонов өзү кол коюп таанышкан үй карантин эрежелерин толук сактаган эмес».
Маалыматка караганда, Айбек Тотонов 18-майдан бери Жалал-Абад шаарындагы облустук клиникалык ооруканада дарыланып жатат. Ал Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Тотоновдун бир тууган иниси экени кабарланды. «Азаттыктын» депутаттын өзүнөн комментарий алуу аракети жыйынтык бере элек.
19-майда «Kaktus.media» сайтына берген комментарийинде депутат Тотонов инисинин дарегине айтылган сындарды четке каккан. Бир тууганы Кыргызстандын аймагына өткөндөн кийин ПЧР-тест тапшырып, таза чыккандан кийин гана Талас аркылуу үйүнө кеткенин, андан кийин үй карантининде болгонун айткан. Анализдин жыйынтыгын журналисттерге көрсөткөн. Кийинки күнү кайра тапшырган тести вирустун бар экенин көрсөткөнүн кошумчалаган. Коомдогу пикирлерди өз дарегине карата «кара пиар» катары баалаган.
Буга чейин 16-майда Орусиядан келген жүк ташуучу автоунаа менен келген жүргүнчү санитардык талаптарга баш ийбей кичи мекенине кетип калгандыгы тууралуу маалымат тарап, ал кескин сынга кабылган.
Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев «Азаттыкка» Айбек Тотонов чек арадан анализ тапшыргандан кийин жүргүнчү катары өткөнүн билдирди.
«Ал «Чоң капкага» жүк ташуучу машине менен келген. Чек арадан өткөндө, Таласта анализи алынган. Токтогулга баргыча анализинин жыйынтыгы чыгып калган. Андан кийин үйүнөн ооруканага алып кетип жаткырышкан»,- деди Үсөнбаев.
20-майга карата Кыргызстанда коронавирус 1270 адамдан табылды, алардын ичинен 14 бейтап кайтыш болду, 910 бейтап айыкты. COVID-19 менен соңку бир күндө жаңы катталган 27 адамдын жетөө сырттан келген. (NT/RsK)