Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:30

Музей кызматкерлеринин айлыгы 80% көбөйдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда мамлекеттик музей кызматкерлеринин эмгек акысы 80% жогорулатылды. Бул тууралуу буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы 20-майда кабарлады.

Анда мындай чечим маданият жана искусство мекемелеринде иштеген кызматкерлердин эмгек шартын жакшыртуу максатында кабыл алынганы айтылат. Өкмөттүн маалыматы боюнча музей кызматкерлеринин айлык акысын көбөйтүш үчүн Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин бюджетинде 15 млн. 480 миң сом каралган.

Кыргызстанда 30дан ушуун музей бар. Алар тарыхый, мемориалдык, адабий жана атайын болуп бөлүнөт. Канчасы министрликке караштуу экени жөнүндө расмий маалымат жок. (RK)

XS
SM
MD
LG