Быйылкы жыйынтыкталып жаткан окуу жылында мектептин алтын сертификатка талапкер бүтүрүүчүлөрү үчүн «Алтын тамга» аттестациясы 12-июнда башталып, 19-июнда жыйынтыкталат. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Билим берүү жана илим министрлигинин расмий өкүлү Акылбек Орозматов билдирди.
Анын айтымында, аттестация онлайн режимде өткөрүлөт:
"Сынак учурунда ар бир бүтүрүүчүгө өзүнчө планшет (180) берилет. Бүтүрүүчү төрт предметтен реалдуу режимде тест тапшырып, бүтөрү менен жыйынтык чыгарылат. Жалпы жыйынтык менен бүтүрүүчү да, кабыл алып жаткан эксперттер да дароо таанышат. Мындай форматта өткөрүү үчүн онлайн программа, тиешелүү техникалык жабдыктар, тесттер даяр".
«Алтын тамга» мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациясы облустук борборлордо өткөрүлөт, имараттар дезинфекцияланат, ар бир бүтүрүүчү жеке коргонуучу каражаттар менен камсыз болот.
2019-2020-окуу жылында 1420 бүтүрүүчү өзгөчө үлгүдөгү аттестат алууга талапкер болууда. Өткөн окуу жылында “Алтын тамга” сынагына 1051 окуучу катышып, 182 бүтүрүүчү артыкчылык аттестатын алган.
«Алтын тамга» мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациясына катышуу милдеттүү эмес, ар бир талапкер өз ыктыяры менен катышат.
Кыргызстанда 2230дан ашык мектеп бар.
Коронавирус илдетине байланыштуу мектептер 16-марттан баштап карантинге жабылган. (RK)