Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:07

Кызматтык деп саналган айрым батирлерди менчиктештирүү сунушталууда


Бишкектин мэриясы жана шаардык кеңеш жайгашкан имарат.
Бишкектин мэриясы жана шаардык кеңеш жайгашкан имарат.

Жогорку Кеңештин 20-майдагы жыйынында «Турак жай кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, көпчүлүк добуш менен өттү.

Депутат Марат Аманкулов баштаган депутаттар тобу иштеп чыккан бул мыйзам долбоору айрым жарандарга кызматтык деген макамы бар батирлерди менчиктештирүүгө шарт түзөт.

«Он жылдап кезекте туруп үй алгандар аны менчиктештирүүнү каалай тургандыгы түшүнүктүү. Өзгөчө эмгеги үчүн спортчуларга, ырчыларга жана башка тармактагы адамдарга батир берилет. Бирок ал кызматтык батир. Ал эми кезек күтүү шарты менен мугалимдер, дарыгерлер, медайымдар, ИИМдин ардагерлери батир алышат. Алар кийин үйдү бошотуп бериши керек болот. Мындай прецедент бар. Мисалы, кызматтык батир алган согуштун ардагери каза болгондон кийин анын үй-бүлөсү батирди бошотууга тийиш. Азыр батирди бошотууга байланышкан соттук териштирүүлөр да кездешет», - деди Аманкулов.

Вице-мэр Уланбек Азыгалиев жыйында бул мыйзам долбоорун кабыл алууга каршы пикирин билдирди.

«​Эгер мыйзам долбоору кабыл алынса, батирлер менчиктештирилип кетет. Биз кызматкерлерге кызматтык батир бере албай калабыз. Мэрия бул долбоорду кабыл алууга эрте деп эсептейт»​, - деди вице-мэр.

Уланбек Азыгалиевдин маалыматына караганда, ушу тапта мэриянын карамагында 194 кызматтык батир бар. Ошол эле кезде кызматтык батир алыш үчүн 3 191 киши кезек күтүп турат. ​

Жалпы жыйындагы маалыматка караганда Бишкекте түрдүү тармактарда көп жыл иштеп, эмгеги сиңген адамдарга берилип, бирок кызматтык деп эсептелген 600дөн ашык батир бар. (NT)

XS
SM
MD
LG