Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:05

Саламаттык сактоо министрлиги коомдук транспорт боюнча эреже иштеп чыкты


Бишкек.
Бишкек.

Саламаттык сактоо министрлиги коомдук транспорттун иши боюнча убактылуу санитардык-эпидемиологиялык эреже иштеп чыкты. Ага ылайык, коомдук транспорт жүргүнчүлөрдү орундуктардын санына жараша салышы керек. Автоунаанын салону ар бир каттамда тазаланып турушу зарыл. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымдады.

«Коомдук транспорттун салондорунда дезинфекциялык иштер жүргүзүлөт. Өз кезегинде ар бир жүргүнчүдөн социалдык аралыкты сактоону жана милдеттүү түрдө беткап тагынууну өтүнөм. Вирус жугузуп алуу коркунучу бар», - деди Үсөнбаев.

Талаптардын аткарылышын көзөмөлдөш үчүн атайын рейд жүрүп турат. Эрежени бузган автобустун, троллейбустун жана кичи автобустун иши токтотулат. Учурда транспорттук компаниялардын жетекчилерине тиешелүү санитардык-эпидемиологиялык талаптар боюнча маалымат берилди.

Өкмөт 25-майдан тартып шаар ичинде каттаган автобустардын, троллейбустардын жана кичи автобустардын иштешине уруксат берилерин жарыялаган.

18-мартта Кыргызстанда коронавирустун алгачкы учурлары катталып, адегенде өзгөчө кырдаал, кийин өзгөчө абал режими киргизилгендиктен дээрлик бардык ишкана-мекемелердин ишмердүүлүгү убактылуу токтотулган.

Учурда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында өзгөчө кырдаал тартиби күчүндө турат. (TSh)

XS
SM
MD
LG