Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:18

Акыйкатчы: №1 тергөө абагындагылар жактоочулары киргизилбей жатканына арызданышты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

20-майда акыйкатчы Токон Мамытов баш болгон омбудсмен аппаратынын кызматкерлери Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) №1 тергөө абагында отурган айрым жарандар менен жолугуп чыгышты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Басма сөз кызматы тараткан маалыматта акыйкатчы жолугуп, сүйлөшкөндөрдүн аты-жөнү баш тамгалары менен белгиленген. Ал белгилер мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары Фарид Ниязовдун, Канат Сагымбаевдин, Мээрбек Мискенбаевдин, Кыяз Смаиловдун, Амантур Жамгырчиевдин жана Равшан Жээнбековдун аты-жөндөрүнүн баш тамгаларына дал келет.

Камактагылар кармоо шартына жана мекеменин жетекчилигине эч кандай дооматы жок экенин билдиришкен. Айрымдары адвокаты кире албай, туугандары менен байланышуу, кат алышуу да мүмкүн болбой жатканын билдирген. Акыйкатчы жолуккан камактагылардын бири Биринчи май райондук соту анын катышуусу жок эле бөгөт чарасын узартып койгонуна нааразы болгон. Жолуккандардын дагы бири үч айдан бери тергөө иштери жүрбөй жатканына арызданган. Акыйкатчы абактагылардын айткан маселелери боюнча иш жүргүзүлөрүн билдирет.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жана Ички иштер министрлиги (ИИМ) 2019-жылдын августунда Чүйдүн Кой-Таш айылында айрым кылмыш иштери боюнча суракка келген жок деген негизде мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын жүргүзгөн. Анда бир офицер курман болуп, 200дөн ашык адам жабыркаган.

Окуяга байланыштуу козголгон кылмыш ишин тергеген ИИМдин Тергөө кызматы Алмазбек Атамбаев баштаган 19 кишиге айып койгон. Алардын ичинен 14 айыпталуучунун иши сотко өткөн. Калган беш адамдын иши тергөө менен кызматташууга макул болгону үчүн өзүнчө тергелип жатат.

Сотко иши өткөн 14 айыпталуучунун ичинен Алмазбек Атамбаев УКМКнын, Фарид Ниязов, Равшан Жээнбеков, Мээрбек Мискенбаев, Канат Сагымбаев, Фархат Баабиев, Канат Осмоналиев тергөө абагында. (TSh)

XS
SM
MD
LG