Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:55

Жол салган кытайлык компаниянын 500 жумушчусу Кыргызстанга келе албай жатат


Кыргызстанда жол салган кытай жумушчулары.
Кыргызстанда жол салган кытай жумушчулары.

Өлкөнүн түндүк-түштүгүн бириктирген альтернативалуу жолдун айрым участокторунда курулуш иштери уланууда.

Жолду куруп жаткан кытайлык «China Road» компаниясынын 500 жумушчусу Кыргызстанга келе албай жатат. Бул тууралуу транспорт жана жол министри Жанат Бейшенов 20-майдагы парламент жыйынында билдирди. Анын айтымында, ал жумушчулар тоннелдердеги жана көпүрөлөрдөнү курулуштарда иштемек. Кытайлык жумушчулар жылдын башында өз өлкөсүнө кетишкен.

Кыргыз-кытай чек арасы жыл башынан бери жабык турат, кийин учак каттамдары да токтотулган. Ош аймагындагы чек ара бекетинен жүк ташуучу гана автоунааларга уруксат берилген.

Өлкөнүн түндүк-түштүгүн бириктирген альтернативалуу жолун 2023-жылы пайдаланууга берүү пландалып жатканы кабарланган. Дээрлик 500 млн. долларды чапчыган Түндүк-Түштүк альтернативалуу жолунун жалпы узундугу 433 чакырымды түзөт. Анын биринчи жана экинчи фазасын куруш үчүн Кытайдан 400 млн. доллар алуу боюнча 2014-жылы келишим түзүлгөн. Үчүнчү фазасын куруш үчүн Азия өнүктүрүү банкынан жана Сауд Арабиясынын Өнүктүрүү фондунан 32 млн. доллар алуу боюнча келишим түзүлгөн. (TSh)

XS
SM
MD
LG