Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:48

Ирактын чалгын кызматы ИМ тобунун лидери кармалганын жарыялады


«Аль-Арабия» каналы Ирактын чалгын кызматы «Ислам мамлекети» террористтик тобунун лидерин кармаганын кабарлады.

Атайын кызмат кармалган жоочу былтыр октябрда америкалык аскерлер өлтүргөн Абу Бакр аль-Багдадиден кийин «Ислам мамлекети» тобун башкарып турганын маалымдады.

«Ислам мамлекети» өзүнүн билдирүүлөрүндө топтун лидери Абу Ибрагим Аль-Хашими Аль-Кураши экенин жарыялап жүрөт. Вашингтон бул ат менен экстремисттик уюмдун негиздөөчүсү жана идеологу Амир Мохаммед Абдел Рахман аль-Мауля жашырынып жүрөт деп эсептейт. Ирактын чалгын кызматы кармалган кишинин аты-жөнү Абделнасер аль-Кирдаш экенин билдирди.

Анын биографиясы толук айтылган жок. Орусиялык анонимдүү «Directorate 4» «Телеграм» каналы ирактык экспертке таянып, кармалган киши «Ал-Каиданын» таасирдүү мүчөсү, 2011-жылдан 2019-жылга чейин Сирияда «Ислам мамлекети» террористтик тобун башкарышы мүмкүн экенин жазды.

Жоочу кайдан, кандай шартта кармалганы боюнча да кабар жок. Болгону чалгындоонун анык маалыматтарынын жардамы менен кармалганы айтылат. Ирактын улуттук чалгын кызматынын башчысы Мустафа аль-Каземи апрель айынын башында өкмөт башчы болуп дайындалган.

XS
SM
MD
LG