Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:35

Башкы прокурор Шадиев тууралуу маалымат берди


Аскарбек Шадиев.
Аскарбек Шадиев.

Парламенттин 21-майдагы сессиясында депутаттар башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун былтыркы жылга карата отчётун талкуулап жатышат. Жыйын суроо-жооп багытында уланууда.

Талкуу учурунда «Республика - Ата Журт» фракциясынын депутаты Абдыбек Дүйшалиев экс-депутат, мурдагы биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев боюнча Башкы прокуратуранын иш-аракетин сурады.

«Шадиевге байланыштуу «Мыйзамсыз баюу» беренеси боюнча кылмыш иштери Бишкектин Биринчи май райондук сотунда сырттан каралып жатат. АКШнын тиешелүү кызматтары менен иштер жүргүзүлүп жатат. Быйыл биздин тергөөчүлөр ал жакка барып келмек болуп, бирок жагдайга байланыштуу кийинкиге жылып калды. Буюрса, бул иштер боюнча жыйынтык болот», - деди башкы прокурор.

Башкы прокуратура алгач Аскарбек Шадиевге карата КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгына 2017-жылы Жогорку Кеңештин эсебинен бөлүнгөн 30 миң доллардын уурдалганына байланыштуу «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

Шадиевдин качып кеткени, АКШда жүргөнү кабарланып, «Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү» беренесинде каралган белгилер боюнча да иш ачылган. 2018-жылдын 25-декабрында Биринчи май райондук соту бул иштер боюнча чечим чыгарып, Шадиевди он жылга эркинен ажыраткан. Үй-мүлкү конфискацияланган. Ага издөө жарыяланган.

Мындан тышкары, Шадиевге «Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу же адалдоо» беренеси боюнча да айып коюлган. (NT)

XS
SM
MD
LG