Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:40

Жыштык сатуудагы коррупция боюнча беш киши камалды (видео)


Кыргызстандагы интернет-провайдерлер.
Кыргызстандагы интернет-провайдерлер.

Байланыш боюнча мамлекеттик агенттиктеги жыштык сатуудагы коррупциялык иш үчүн шектүү катары беш киши камакка алынды. Өкмөттөгү айрым жогорку кызмат адамдары да сурак берип жатат. Бул тууралуу аскер прокурору Нуркамал Набиев парламенттин 21-майдагы сессиясында депутат Жанарбек Акаевдин суроосуна жооп берип жатып билдирди.

«Тергөөнүн купуялуулугу үчүн мен бардык жагдайларды айта албайм. Келтирилген чыгым такталып жатат», - деди Нуркамал Набиев.

Депутат Акаев бул иштин чуулгандуу экенин эске салып, кеп миллиарддаган сом жөнүндө сөз болуп жаткандыктан, коомчулукка эртерээк ачык маалымат берүүгө прокуратураны чакырды.

12-майда Байланыш боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы директору Наталья Черногубова коррупция үчүн шектүү катары кармалган. Ага уюк байланыш операторлорунун бирине жыштыкты мыйзамсыз кайра каттаган деген айып коюлган.

Укук коргоо органдары Черногубованын кармалышы тууралуу эки күндөн кийин маалымат берген. Калган шектүүлөр тууралуу толук маалымат бере элек. Бул иш боюнча өкмөттүн аппаратынын жетекчиси да суралып жатканы кабарланган.

Жогорку Кеңештин 20-майдагы сессиясында депутат Жанарбек Акаев «премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бул ишке катышы жок экенин далилдесин» деген талап койгон.

Өкмөт ага «депутаттын сөзүнө эч кандай негиз жок» деп жооп кайтарган. Зарыл болгон учурда премьер-министр жана өкмөт өкүлдөрү түшүндүрмө берүүгө даяр экенин билдирген. (NT)

XS
SM
MD
LG