Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-ноябрь, 2020 жума, Бишкек убактысы 09:37

Сингапурда сот өлүм жазасына тартууга «Zoom» аркылуу өкүм чыгарды


Коронавируска байланыштуу жагдайдан улам «Zoom» видео байланышын колдонгондор көбөйдү.

Сингапурдун Жогорку соту Пунитан Гэнасан аттуу 37 жаштагы малайзиялык жаранды баңгизат аткезчилиги үчүн күнөөлүү деп тапты жана өлүм жазасына тартууга өкүм чыгарды. Коронавируска байланыштуу жагдайдан улам соңку сот жараяны «Zoom» видео байланышы аркылуу өттү. Бул «Zoom» аркылуу өлүм жазасына кесүү тууралуу сот өкүмү чыккан дүйнөдөгү экинчи учур болуп калды.

Эки жума мурун Нигерияда Олалекан Хамид аттуу жергиликтүү тургун өз энесин жана жумуш берүүчүcүн өлтүргөн деп айыпталып, өлүм жазасына кесилген. Үч саатка созулган сот жараянына адвокаттар менен прокурор видео байланыш аркылуу катышкан.

Соттук материалдарга ылайык, өлүм жазасына кесилген Пунитан Гэнасан 2011-жылы Сингапурга Малайзиядан 28 грамм героин алып келген. Анын адвокаты Питер Фернадо видео байланыш аркылуу өкүм чыгарууга каршы болгон эмес, бирок бул өкүмгө каршы даттанарын билдирди.

«Human Rights Watch» эл аралык укук коргоо уюму Сингапурдагы соңку окуяны жана бул өлкө өлүм жазасынан баш тартпай жатканын айыптады.

Укук коргоочулар баңгизат соодасына, аткезчиликке байланыштуу жаза Сингапурда эң эле катаал экенин, мунун айынан акыркы он жылда жүздөгөн адамдар, анын ичинде чет өлкөлүк жарандар өлүм жазасына тартылганын белгилешет.

XS
SM
MD
LG