Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:20

Өкмөт: 1-июлдан тартып патрулдук милиция аймактарда да иштей баштайт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда 1-июлдан тартып патрулдук милиция Бишкектен тышкары бир нече шаарда да иштей баштайт. 21-майда өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев коомдук тартипти жана жол коопсуздугун камсыздоо боюнча чечимге кол койду.

Ага ылайык, Ички иштер министрлигинин жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо бөлүмдөрүнүн жана облустук милициянын патрулдук-күзөт кызматтарынын ыйгарым укуктары административдик аймактарда түзүлүүчү патрулдук кызматтарга өткөрүлүп берилет.

1-июлдан тартып аймактарда ишке киргизүү пландалып жаткан патрулдук милиция коомдук тартипке да, жол коопсуздугуна да көз салат. Ал Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкармалыгына баш ийет.

Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматынын өкүлү Тилек Исаев «Азаттыкка» билдиргендей, келечекте патрулдук милиция кызматын Жалал-Абад, Баткен, Кызыл-Кыя, Каракол, Чолпон-Ата, Балыкчы шаарларында жана Чүй облусунда ачуу каралууда. Ага чейин Ош шаарында түзүлөт.

«Ош шаары боюнча сынак жарыялаганбыз. Документтерди кабыл алуу жана кызматка төп келишкендерди, татыктууларды тандоо боюнча иш жүрүп жатат. Коронавируска байланыштуу убактылуу токтотконбуз. Жакында убактысын тактап, документ кабыл алууну кайра баштайбыз», - деди ал.

Кыргызстанда буга чейин патрулдук милиция түзүлүп, бирок кайра жоюлган.

Бишкекте былтыр сынак жүргүзүлүп, патрулдук милицияга 600 кызматкер кабыл алынган. Исаевдин айтымында, дагы 100дөй орун бош турат. (RK)

XS
SM
MD
LG