Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:55

Чек арада жарадар болгон жоокерди дарылоо ыкмасы өзгөртүлдү

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Чек арадагы окуяда жарадар болгон кыргызстандык жоокер Султанбек уулу Мирбекти дарылоо ыкмасы өзгөртүлдү. Бул тууралуу 22-майда Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, 19-майда академик Миталип Мамытовдин катышуусу менен  Орусиянын Бурденко атындагы Нейрохирургия борборунун адистери онлайн консилиум өткөргөндөн кийин ушундай чечим кабыл алынган.

Бейтаптын абалын дарыгерлер туруктуу деп баалап жатышат.

Мамлекеттик чек ара кызматынын 8-майда Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышууда жарадар болгон үч жоокери - Султанбек уулу Мирбек, Абдисаит уулу Манас жана Турдубай уулу Чыңгыз 10-майда атайын тик учак менен Бишкекке Улуттук госпиталга жеткирилген.

Көкүрөгүнө ок тийген эки чек арачы абалы жакшы болуп калгандыктан ооруканадан чыгарылды.

Ал эми омурткасына ок тийген Султанбек уулу Мирбекке алгач Баткенде, экинчи жолу Бишкекке келгенде ичегисинен операция жасалган.

14-майда жарадар жоокердин туугандары аны Орусиядан дарылатууну суранып жатышканы парламентте айтылган.

Тажик тарап бул окуядан эки жараны жараат алганын билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG