Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Кыргызстандагы туруктуу координатору Озонниа Ожиело өкмөттүк эмес уюмдардын (ӨЭУ) ишин көзөмөлдөөгө багытталган мыйзам долбооруна тынчсыздануусун билдирди.
Мындай билдирүүнү ал Бишкекте 22-майда өткөн парламенттик угуу форматындагы талкуу учурунда жасады.
«ӨЭУ көбүнчө өкмөт менен муктаж адамдардын ортосундагы көпүрө болот. Активдүү коомдук лидерлердин жардамы менен алар калктын аялуу катмарына, анын ичинде майыптыгы барларга, ВИЧ менен ооругандарга, гендердик запкынын курмандыктарына, радикалдашуу жолунда турган жаштарга жардам берүүдө өкмөткө көмөктөшөт. Калктын мындай катмарынын реинтеграция болушуна, гүлдөгөн коом түзүүгө жардам берет.»
Озонниа Ожиело мыйзам долбооруна жарандык коом, айрым депутаттар, жергиликтүү, эл аралык коомчулук олуттуу тынчсызданып жатканын белгиледи.
Озонниа Ожиело ошондой эле долбоордогу сунуштар БУУнун Адам укугу тууралуу кеңешинин резолюциясына каршы келери тууралуу Венеция комиссиясынын мүчөлөрү менен БУУнун баяндамачыларынын эксперттик пикирин окуп берди.
Кыргызстан узак жылдар бою демократияны тааныган өлкө катары эл аралык чөйрөдө аброюн сактап келатканын, мамлекетте эркин жыйын, ассоциация, сөз эркиндиги бар экенин эске салды. БУУ аталган мыйзам долбоору Кыргызстандын эл аралык аренадагы аброюна доо кетирет деп бушайман болуп жатканын кошумчалады.
Буга чейин Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Кыргызстандагы туруктуу координаторунун өкүлчүлүгү Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабековго вербалдык нота жиберип, мыйзам долбооруна бушаймандык билдирген.
Парламенттик угууда талкууланган долбоорду Бактыбек Райымкулов баштаган депутаттар тобу иштеп чыккан.
Коммерциялык эмес жана өкмөттүк эмес уюмдардын ишин жөнгө салуучу мыйзамдарды өзгөртүү максатын көздөгөн долбоор коомдук талкууга январь айынын башында коюлган.
Талаштуу долбоор “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” жана “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө” мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору деп аталат.
Эгер мыйзам кабыл алынса, коммерциялык эмес уюм жыл сайын каржы маселелери тууралуу өкмөт аныктаган формада отчёт берип турууга милдеттүү болот. Бул талапты аткарбаса мыйзам чегинде жоопко тартылат. (NT)