Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:27

«Настоящее время» телеканалынын жол кырсыгына кабылган кабарчысы каза болду


Чыгармачыл топ Гомелден Минскиге кайтып келатканда жол кырсыгына кабылган.
Чыгармачыл топ Гомелден Минскиге кайтып келатканда жол кырсыгына кабылган.

Беларуста «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун «Настоящее время» телеканалындагы «Белгисиз Беларус» («Неизвестная Беларусь») долбоорунун авторлорунун бири Любовь Земцова каза болду.

Үч кишиден турган бул долбоордун авторлору 14-майда ыктыярчылардын иши тууралуу фильм тартып, Гомелден Минскиге кайтып келатканда жол кырсыгына кабылган. Режиссер Владимир Михайловский менен үн оператор-сүрөтчү Максим Гавриленко ошол жерде жан берген. Любовь Земцова ошондон бери оор абалда ооруканада жаткан.

«Эркин Европа/Азаттык» радиосунун президенти Жэйми Флай: «Абдан суук кабар. Бул жаш кинематографисттер мыкты, таланттуу, башкаларга дем берген адамдар эле. Беларус эли жөнүндө көп билбеген адамдарга ал өлкө тууралуу кызыктуу окуяларды айтып бериш үчүн баштаган жаңы долбоорубуздун бир бөлүгү болчу», - деген.

XS
SM
MD
LG