Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:10

АКШ: Крымдыктарды аскерге чакыруу Женева конвенциясына каршы келет


Аскерге чакырылган улан медициналык кароодо. Симферополь, Крым. 18-май, 2020-жыл.
Аскерге чакырылган улан медициналык кароодо. Симферополь, Крым. 18-май, 2020-жыл.

Орусия аннексиялап алган Крымдын тургундары милдеттүү түрдө аскердик кызмат өтөөгө чакырууну токтотууга тийиш. Бул тууралуу белгилеген АКШнын Европа кызматташтык жана келишим уюмундагы (ЕККУ) өкүлү Жеймс Гилмер расмий Москва бул аракети менен Женева конвенциясын бузуп жатканын айтты.

ЕККУ Туруктуу кеңешинин 22-майдагы отурумунда АКШнын өкүлү 2015-жылдан бери Орусия Крымда жазгы жана күзгү аскердик чакырууларын жүргүзүп келерин, баш тарткандар коркутууга кабылып жатканын маалымдады.

Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматына караганда, Орусиянын куралдуу күчтөрүндө Крымдын миңдеген жаштары милдетүү түрдө аскердик кызмат өтөйт. "Укринформ" агенттиги 2020-жылы 20 миңден ашуун крымдык жоокер орус армиясында кызмат өтөй турганын маалымдады.

Орусия Крым жарым аралын 2014-жылы аннексиялап алган.

XS
SM
MD
LG