Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:40

"New York Times" башкы бетине COVID-19дан өлгөндөрдүн тизмесин жайгаштырды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жекшемби күнкү чыгарылышында "New York Times" гезити "Вирустан өлгөндөр жүз миңге жакындады, эсепсиз жоготуулар" деген аталыш менен коронавирустан көз жумган америкалыктардын толук эмес тизмесин жарыялады. Тизменин баш сөзүнө "Бул ысымдар гана эмес, бул - биз" деп жазылган.

Дүйнөдөгү маанилүү иштердин статистикасына байкоо жүргүзүүчү "Worldometer" порталынын маалыматына караганда, 24-майга карата АКШда 98 683 адам коронавирусту жуктуруп, көз жумган.

Дүйнөдө COVID-19 вирусун жуктурган 343 804 адам көз жумган, бул жугуштуу илдетке 5,4 миллиондон ашуун адам чалдыккан. Анын ичинен 2,2 млн. киши сакайып чыккан.

Коронавирус инфекциясы былтыр декабрда Кытайдын Ухань шаарынан чыгып, тез эле өлкөнү, андан кийин дүйнөнү каптаган. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) февраль айында пандемия жарыялаган. 24-майга карата COVID-19 илдети дүйнөнүн 215 өлкөсүнө жайылды.

XS
SM
MD
LG