Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:59

Дүйнө мусулмандары пандемия шартында Орозо айтты белгилеп жатышат


Cанитардык кызматкер София шаарындагы Баня Баши мечитин дезинфекциялап жатат, 22-май, 2020.
Cанитардык кызматкер София шаарындагы Баня Баши мечитин дезинфекциялап жатат, 22-май, 2020.

23-майдын кечинде Рамазан айы аяктап, 24-май күнү дүйнөдөгү жалпы мусулмандар Орозо айтты майрамдашууда. Коронавирус пандемиясынан улам мусулмандар көпчүлүгүн түзгөн өлкөлөрдө мечиттерде жана аянттарда айт намазын окууга, айтты чогулуп майрамдоого жана Рамазан айынын аягында жер кыдырып саякаттоого тыюу салынды. Айрым өлкөлөрдө вирусту тоготпогондуктан улам COVID-19 күч алып кеткени кабарланды.

Эксперттер коронавирус кээ бир өлкөлөрдө басаңдаганы менен, саламаттык сактоо тармагы алсыз өлкөлөрдө күч алышы ыктымалдыгын эскертишүүдө. Алардын баамында, диний жөрөлгөлөр, мечит, чиркөө, храмдардагы чогуу сыйынуулар вирустун кайрадан жайылуусуна алып келиши ыктымал.

Францияда 24-майдан тартып чиркөөлөргө жана храмдарга барып сыйынууга уруксат берилген.

АКШ президенти Дональд Трамп штат губернаторлоруна диний мекемелердин ишмердүүлүгүнө уруксат берүүнү сунуштаган.

Чиркөөлөрдүн ишине уруксат берген Германияда 23-май күнү сыйынууга барган 40 кишиден коронавирус аныкталган.

XS
SM
MD
LG