Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:37

25-майда Бишкекте 110 троллейбус жана 112 автобус каттамга чыгат


Автобусту дезинфекциялоо. Бишкек шаары. Март, 2020-жыл.
Автобусту дезинфекциялоо. Бишкек шаары. Март, 2020-жыл.

Троллейбустар 11 каттам боюнча, автобустар да 11 каттам боюнча иштешет. Бишкек шаардык транспорт башкармалыгынын маалыматына караганда, №9 каттамдагы автобус жүрбөйт. Автобус, троллейбустардын саны акырындык менен көбөйтүлөт.

Маалыматка ылайык, коомдук транспортто жүрүүдө санитардык талаптарды бекем сактоо талап кылынат. Ар бир унаанын кире беришине санитайзерлер коюлат, айдоочулар жана жүргүнчүлөр беткап жана медициналык колкап кийүүгө милдеттүү.

Жүргүнчүлөр автоунаага салондогу отургучтардын санына жараша 60-70% гана киргизилет. Орун алганда аралык сакталууга тийиш.

Күнүнө бир нече жолу автоунаанын ичи, эшиктердин туткалары, отургучтар жана башка кармагычтар дезинфекцияланат. Жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу үчүн жол кире "Тулпар" автоматтык системасы аркылуу гана төлөнөт. Аталган система боюнча төлөм карталарын айдоочулардан сатып алууга болот. Пенсионерлер үчүн жеңилдетилген төлөм карталарын сатуу 1-июндан тартып жандандырылат. Автобус, троллейбустарга жүргүнчүлөр алдыңкы эшиктен гана киргизилет.

25-майдан тартып Бишкекте коомдук транспорттун ишин жандандырууга уруксат берилген. Бул күнү автобус, троллейбустар жана кичиавтобустар эл ташууга чыгат. Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб жүргүнчүлөрдү коопсуздук үчүн транспортто жүргөн кезде санитардык-гигиеналык талаптарды так аткарууга чакырууда. (ZKo)

XS
SM
MD
LG