Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 04:47

Ысык-Көлдө жер титиреди


Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 23-май күнү, саат 21:22де Ысык-Көл облусунун аймагында очогунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Силкинүү Каракол шаарында, Жети-Өгүз районунун Дархан, Оргочор, Кабак, Богатыровка, Мундуз, Ак-Дөбө, Тилекмат, Кызыл-Суу, Жети-Өгүз айылдарында жана Түп районунун Михайловка, Тогуз-Булак айылдарында 4 балл, Ак-Суу районунун Бөрү-Баш, Теплоключенка, Маман, Тегизчил, Нововознесеновка айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок. (ZKo)

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG