Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 20:58

Вашингтондун өкүлү: Гонконгдон улам Бээжинге санкция салынышы ыктымал


Гонконгдогу демонстрация, 24-май 2020-жыл

АКШ президенти Доналд Трамптын коопсуздук боюнча кеңешчиси Роберт О`Брайн Кытай Гонконгду “өзүнө кайтарууга” аракет көрсө, санкциялар салынышы ыктымал деп эскертти.

24-майда карантинге карабай көчө акциясына катышкан миңдеген киши Кытай бийлигинин шаардын автономиясын чектөө планына каршылыгын билдирди. Полиция демонстранттарды жаш агызчу газ, суу бүркүп кууп таркатты.

21-майда ишин баштаган Кытайдын Эл өкүлдөрүнүн Улуттук жыйынынын күн тартибине Гонконгдо улуттук коопсуздукту сактоо боюнча мыйзам долбоорун кароо маселеси киргизилген. Мыйзам долбоору Кытайдын чалгын кызматтарына шаарда иш алып баруусуна жол ачат.

Бээжиндин планы аймактын өзгөчө статусуна шек келтирет жана Вашингтон менен пикир келишпестиктерди тереңдетиши ыктымал. Кытайдын бул аракетин укук коргоочу уюмдар, чет өлкөлүк өкмөттөр жана айрым бизнес өкүлдөрү айыпташты.

Өткөн жайда Гонконгдун бийлиги кылмышка шектүүлөрдү Кытайга экстрадициялоо тууралуу мыйзам кабыл алууну чечкенде шаарда массалык акциялар тутанган. Жергиликтүү администрация ошондон кийин долбоорду артка кайтарып алганы менен демонстрациялар тынчыбай, Кытайдан көбүрөөк эркиндик алуу, кармалган активисттерди коё берүү ураандары жаңырып жатты. Бирок коронавирус эпидемиясы башталгандан бери акциялар токтоп калган.

XS
SM
MD
LG