Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:44

Чехияда сыртта беткапсыз жүрүүгө уруксат берилди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Чехиянын Саламаттык сактоо министрлиги өлкөдө коронавирус илдети 8932 кишиден табылганын билдирди. Анын ичинен 6063ү айыгып чыгып, 315 бейтап вирустан каза болду.

Чехияда 19-майдан тартып кеңсенин ичинде медициналык беткапты тагынуу милдеттүү болбой калган. Адамдардын ортосундагы эки метр аралык сакталышы керек. Ал эми 25-майдан баштап сыртта беткапсыз эле жүрүүгө уруксат берилди. Бирок жабык жайларда, коомдук транспортто беткап тагынуу зарыл.

Андан тышкары мейманканалар, бассейн, тамактануу жайлары иштей баштады. 18-майда аба каттамдары жанданып, Прага – Амстердам, Прага – Франкфурт жана Прага – Париж каттамдары жүргүзүлө баштаган.

XS
SM
MD
LG