24-25-26-май күндөрү Ош облустук жана шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлеринен турган атайын бригадалар күчөтүлгөн тартипте иш алып барышууда. Алар жер-жерлерде мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн «Акыркы коңгуроо», 10-20-30 жылдык мааракелерин өткөрүүгө жол бербөө тууралуу буйруктун аткарылышын көзөмөлдөшөт.
Милиция эгер чогулуп, ушундай азем өткөргөндөр байкалса, мыйзам чегинде жоопко тартыларын эскертти.
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Муратбек Боронов Ош шаарында мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн кымбат автоунаалар менен шаар кыдырып, сайрандашына, шаардан сыртка эс алууга чыгышына жол берилбей турганын 25-майда эскертти.
Талапка ылайык жакынкы күндөрү Ош шаарындагы мектептер, ата-энелер комитеттери менен милиционерлердин байланышы күчөтүлөт. Сурамжылоо иштери жүргүзүлөт. Шаардын кире беришиндеги санитардык-карантиндик посттордо текшерүү жүргүзөт. Ош облустук жана шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери шаарга жакын жайгашкан эс алуу жайларын көзөмөлдөйт.
Коронавирус пандемиясына байланыштуу түзүлгөн өзгөчө кырдаал шартында быйыл Кыргызстанда «Акыркы коңгуроо» салтанаты онлайн өткөрүлөрүн, түрдүү шаан-шөкөттөргө жол берилбей турганын Билим берүү жана илим министрлиги да маалымдаган.
Министрликтин маалыматына ылайык, быйыл Кыргызстанда 11-классты 58 730 кыз-жигит, 9-классты 103 067 окуучу бүтүрүп жатышат. (ZKo/DU)