Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:24

Бишкек-Ош жолундагы кырсыктан төрт киши каза болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

25-майдын түнүндө Бишкек-Ош жолунун 355-чакырымында, Кара-Көл шаарына жакын жерде жол кырсыгынан төрт киши каза болду. Дагы үч адам жаракат алган. Бул тууралуу «Азаттыкка» Жалал-Абад облустук жол кыймыл коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн инспектору Айбек Сатыбалдиев билдирди.

«Ноокат районунун Кыргыз-Ата айылынын 31 жаштагы тургуну «Хонда Одиссей» машинеси менен Бишкекти көздөй баратып, автоунаасын чукул бурулушта башкара албай жолдон чыгып, 200 метр төмөнгө түшүп кеткен. Анын кесепетинен Кыргыз-Ата айылынын үч тургуну жаракат алып, Кара-Көл шаарынын аймактык ооруканасына түшкөн. Айдоочу менен бараткан үч адам каза болгон», - деди Сатыбалдиев.

Каза болгон жүргүнчүлөр - 20, 18 жаштагы жигиттер жана 22 жаштагы кыз. Учурда бул окуя боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат. (RsK)

XS
SM
MD
LG