Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:27

Тува Республикасынын башчысына коронавирус жугуп ооруканага жатты


Шолбан Кара-оол.
Шолбан Кара-оол.

Бул тууралуу Шолбан Кара-оол «Инстаграмдагы» баракчасы аркылуу билдирди. Ал «өтө олуттуу жугуштуу оору» менен ооруп калганын, аралыктан башкарууга аракет кыларын айтты. Ал жарандарды коомдук жайларда беткапсыз жана мээлейсиз жүрбөөгө чакырды.

Кара-оол менен кошо өкмөттүн дагы бир канча мүчөсү да ушундай эле диагноз менен ооруканага жатканы белгилүү болду.

Бул республикада соңку маалымат боюнча, COVID-19 628 адамдан табылды, бир бейтап оорудан ажал тапты.

Буга чейин орус өкмөт башчысы Михаил Мушистинге, президент Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песковго жана Мамлекеттик Думанын айрым депутаттарына коронавирус жукканы белгилүү болгон. Айрым маалымат каражаттары Чеченстандын лидери Рамзан Кадыров да өпкөнү сезгенткен вирус жугузуп алып, ооруканада жатканын жазышкан. Муну Кадыров өзү ырастаган да, төгүндөгөн эмес.

Орусияда COVID-19га кабылгандардын саны 344 миңден ашты. Оорудан 3,5 миңден көп киши көз жумду.

XS
SM
MD
LG